24.kg
08:30, 03 февраля 2025, 24.kg

Кыргызстанда малды экспорттоого убактылуу тыюу салынды

31-январдан тарта Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигине караштуу Ветеринария кызматы мал-жандыкты, анын ичинде бодо малды, майда мүйүздүү малды жана жылкыны экспорттоого уруксат берүүнү убактылуу токтотту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Айыл чарба министрлигинин «Айыл чарба товарларынын тизмесин бекитүү жөнүндө» № 04-13/4 буйругунун негизинде 31-январдан тартып Ветеринардык кызмат тарабынан мал жандыктарды үчүнчү өлкөлөргө, анын ичинен ири мүйүздүү малдарды, майда мүйүздүү малдарды жана жылкыларды экспорттоого уруксат берүүнү токтоткон.

2025-жылдын 31-январына чейин берилген уруксаттар бардык текшерүүлөр аяктаганга жана ченемдик базага өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин убактылуу токтотулуп, уруксат берүү процесси жандангандыгы тууралуу кийинчерээк кошумча маалымат берилет.

Уруксаттарды токтото туруу жана мал жандыктарды экспорттоого байланыштуу маселелер боюнча кошумча маалымат жана кеңеш алуу үчүн төмөнкү телефон аркылуу кайрылсаңыздар болот: +312 66 04 06.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18