24.kg
16:37, 31 января 2025, 24.kg

Жайыл районунун аткаминерлери 17 млн сомду кымырып алган

Жайыл районунун Ак-Башат айыл аймагынын мурдагы башчысы жана подряддык компаниянын директору бюджеттик каражаттарды кымырып алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча камакка алынды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, Жайыл районунун Ак-Башат айыл аймагынын мурдагы башчысы (азыркы Панфилов районунун Курама а/а башчысы) К.У.Т., подряддык компаниянын директору А.у.Т. менен биргеликте ирригациялык каналдарды орнотуу боюнча тендерди өткөрүүдө республикалык бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген.

КР Эсеп палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында келтирилген зыяндын көлөмү 17 млн сомдон ашкан.

Кармалган адамдар соттун чечими менен Жаза аткаруу кызматынын № 21 мекемесине камакка алынды.

Учурда бул кылмыш ишинин алкагында башка кызмат адамдарынын катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18