24.kg
13:56, 31 января 2025, 24.kg

Кыргызстан менен Иран экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселесин талкуулашты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстанга болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Ареф менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Photo 363612

Министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстан Иран менен достук мамилелерди чыңдоого өзгөчө маани берээрин жана Иран тарап менен бардык деңгээлдеги саясий диалогду жана өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экенин белгиледи.

«Биздин өлкөлөр ортосунда соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн чоң потенциал бар. Иран менен инвестициялык кызматташтык биздин өкмөттүн экономикалык дипломатиясынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Буга байланыштуу сооданын көлөмүн көбөйтүү жана Кыргызстандын экономикасына Иран инвестицияларын тартуу үчүн биргелешкен аракеттерге биздин кызыкдарлыгыбызды жана даяр экенибизди баса белгилегим келет», — деди Адылбек Касымалиев.

Өз кезегинде Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Ареф МинКаб башчысы Адылбек Касымалиевди жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктады. Ал эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду натыйжалуу ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана транспорттук-логистикалык тармактардагы кыргыз-иран кызматташтыгынын келечегин, ошондой эле ЕАЭБ алкагындагы өз ара кызматташууну талкуулашты.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18