24.kg
13:07, 31 января 2025, 24.kg

Кыргыздар Орусияда кылмыш жасап, мекенине качып кетишет

Кыргыз жарандары Орусиядагы мекендештерине каршы кылмыш жасап, өз мекенине качып, жазасыз калууда. Бул тууралуу Москвадагы кыргыз мигранттарынын ассоциациясынын төрагасы Руслан Эшимов Жогорку Кеңештин «Альянс» фракциясы менен «Элдик» депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кылмыштар ири өлчөмдөгү алдамчылык жана денеге залал келтирүү менен байланышкан.

«Андан кийин алар эч нерсе болбогондой Кыргызстанга кетип калышат. Ал эми Россиядагы жабыркаган кыргызстандыктар аларга каршы арыз жазышат. Кыргыз Республикасында кылмыш башка өлкөнүн аймагында жасалгандыктан, арыздарды Ички иштер министрлиги да, прокуратура да кабыл албайт. Мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Кыргызстанды кыдырып, жабырлануучуларга күлүп жүргөн шылуундар менен кылмышкерлер абдан көп», — дейт Руслан Эшимов.

Ал белгилегендей, буга чейин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү алданган жарандарга акчасын кайтарып алууга жардам беришкен, бирок азыр андай эмес.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18