24.kg
15:32, 30 января 2025, 24.kg

Транспорт министрлигине 453 даана атайын техникалар тапшырылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Транспорт жана коммуникациялар министрлигине мамлекеттик бюджеттин эсебинен сатып алынган 453 даана жаңы атайын техникаларды тапшырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Photo 363485

Адылбек Касымалиев белгилегендей, жаңы техника «жол тармагынын материалдык-техникалык базасын олуттуу чыңдап, улуттук долбоорлорду ишке ашырууну тездетет». Өткөрүлгөн техниканын курамына асфальт төшөөчү машиналар, роликтер, жүктөгүчтөр жана жол куруу жана оңдоо үчүн зарыл болгон башка атайын техникалар кирет.

Минкаб төрагасы 2024-жылы жол тармагын каржылоо 2020-жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйүп, 22 млрд сомго жеткенин белгиледи.

«Бул каражаттар 1000 чакырымдан ашык жолду оңдоого жана курууга, анын ичинде 802 чакырымга асфальт төшөөгө мүмкүндүк берди. Биз ири долбоорлорду баштадык: Түндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолунун курулушу, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу башталды. Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол, Нарын-Баетов, Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка, Ош — Баткен — Раззаков, ошондой эле туристтик аймактарда инфраструктураны жакшыртуу жана алыскы аймактардагы жолдорду куруу боюнча иштер активдүү иштер жүрүп жатат», — деди Адылбек Касымалиев.

Ал ошондой эле жол инфраструктурасын модернизациялоо министрлер кабинетинин ишинин артыкчылыктуу багыты экенин, ал экономикалык өсүшкө, калктын жашоо сапатын жакшыртууга жана өлкөдөгү социалдык туруктуулукту чыңдоого алып келээрин белгиледи.

Соңунда минкаб төрагасы жаңы техникалар жол кызматтарына алдыга коюлган милдеттерди натыйжалуу аткарууга шарт түзөөрүнө ишенимин билдирип, жол кызматкерлерин алынган техникаларды жоопкерчиликтүү жана кылдат пайдаланууга чакырды.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18