24.kg
14:42, 30 января 2025, 24.kg

ММУ Аскар Акаевди мааракеси менен куттуктап, анын урматына концерт тартуулады

Интернет желесинде Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевдин куттуктоосунун кадрлары пайда болду. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде анын 80 жылдыгына карата майрамдык концерт уюштурулду.

Кадрларда иш-чарада Аскар Акаевдин сүрөттөрү менен слайд-шоу көрсөтүлүп, андан соң музыканттар жана опера ырчылары өз өнөрлөрүн тартуулашканын көрүүгө болот.

Мындан тышкары, мааракенин урматына банкет уюштурулуп, анда кесиптештери Аскар Акаевди куттукташты.

Белгилей кетсек, окуя 2024-жылдын 10-октябрында болгон.

Аскар Акаев Кыргызстандын биринчи президенти, 1990-жылдан 2005-жылга чейин иштеген. 2005-жылдын 24-мартындагы жоогазын ыңкылабынын натыйжасында бийликтен кулатылып, өлкөдөн чыгып, Орусияда жашайт.

2024-жылдын 3-сентябрында Жогорку Кеңешке Аскар Акаевден экс-президент макамын кайтаруу тууралуу кат келген. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине жөнөтүлүп, анын мүчөлөрү депутаттарга өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартууну сунушташты. Кесиптештер комитеттин сунушун колдошту.

Буга чейин мамлекет башчысы Садыр Жапаров да бул маселе боюнча пикирин билдирген. Анын айтымында, бир эле саясатчыны көпкө көрсөң эл андан тажайт.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18