24.kg
12:32, 30 января 2025, 24.kg

ИИМ интим кызматтарын жарнамалаган 20дан ашык сайтты жапты

Кыргызстанда күч түзүмдөрүнүн демилгеси менен интимдик кызмат көрсөтүүлөрдү жарнамалаган 20дан ашык сайттар жабылды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда сексуалдык кызмат көрсөтүүлөрдү акы төлөнүүчү үгүттөөгө байланыштуу маалыматтарды камтыган 20дан ашык сайттарды аныктадык. Сайттарда жылаңач кыздардын сүрөттөрү жана баасы бар. Маалымат алуу акысыз, ал тургай жашы жете элек балдар да катталып кире алышат», — деп айтылат маалыматта.

17-январында Кыргызстандын аймагында интим кызматтарын жарнамалаган 23 интернет-сайттардын ишине бөгөт коюу боюнча соттун чечими чыгарылды. Бул чечимди аткаруу үчүн Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына жүктөлдү.

Ички иштер министрлиги укук коргоо кызматкерлери тарабынан «Сойкукана» жана «Көпөлөк» боюнча рейддер байма-бай жүргүзүлүп жатканын кошумчалады. 2025-жылдын январь айынын ортосунда эле милиция бөлүмүнө 90 сойку алынып келинген. Иш-чаранын алкагында сауналар, күнүмдүк ижарага алынган батирлер, мейманканалар жана шектүү сойкуканалар текшерилди.

Интим кызматын жарнамалаган сайттарга кирүүнү чектөө боюнча иштер улантылууда. Ошондой эле интимдик кызмат көрсөтүү сайттарын иштеп чыгуучуларга жана ээлерине карата аларды жоопкерчиликке тартуу максатында чаралар көрүлөт.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18