24.kg
12:19, 30 января 2025, 24.kg

ЖК депутаттары нааразы. Министрликке талапкер кыргызча начар сүйлөйт

Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин жыйынында санариптештирүү министри кызматына Азамат Жамангуловдун талапкерлиги каралып жатканда анын кыргыз тилин жакшы билбегени бир катар депутаттардын нааразычылыгын жаратты.

Азамат Жамангулов мамлекеттик тилде сүйлөгөнгө аракет кылды, анткени мурдагы министр Нурия Кутнаеваны билбегендиги үчүн депутаттар дайыма урушуп келишкен.

Депутат Балбак Түлөбав Жамангуловдон «кыргыз тилин орус тили менен аралаштырып, кыйнабасын» өтүндү. Же орусча, же кыргызча сүйлө деп суранды.

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Жамангулов санариптештирүү министрлигинин атын да кыргызча билбей калганына нааразы болду.

Министрликке талапкер орусча сүйлөй баштаганда, депутаттар буга да нааразылыгын билдиришти.

Эске сала кетсек, Нурия Кутнаева санариптештирүү министри кызматынан бошотулган жана министрдин милдетин аткаруучу болуп, бөлүмдүн жетекчиси Азамат Жамангулов («Mega» мобилдик компаниясынын санариптик кызматтарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы) дайындалган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18