24.kg
08:00, 29 января 2025, 24.kg

МСК эсеп системаларын ЭТТК жана ЭЭФ менен бириктирет: бул бизнес үчүн эмне берет

Мамлекеттик салык кызматында электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды жана электрондук эсеп-фактураны ишкердикти жүргүзүүдө колдонулган башка эсеп системалары менен бириктирүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, иш-чарага Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков, ведомствонун кызматкерлери, ошондой эле эсеп системасын иштеп чыгуу жана коштоо менен алектенген компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда ЭТТКны жана ЭЭФти эсепке алуу системалары менен интеграциялоонун келечеги жана техникалык аспектилери, долбоорду ишке ашыруу мөөнөттөрү, ошондой эле мүмкүн болгон техникалык жана уюштуруучулук кыйынчылыктар талкууланды.

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков API-интеграция эсепке алуу жана документтерди жүгүртүү процесстерин оптималдаштырууда негизги ролду ойной тургандыгын белгиледи.

Анын айтымында, APIны колдонуу эсепке алуу системаларын ЭТТК жана ЭЭФ менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө мүмкүндүк берет, бул маалыматтарды иштеп чыгуу убактысын кыйла кыскартат, аны берүүдөгү каталарды минималдаштырат жана алардын актуалдуулугун камсыз кылат.

«Бул системаларды интеграциялоо салык органдары менен бизнестин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу жолундагы маанилүү кадам болуп саналат, ошондой эле бизнес-процесстердин ачыктыгын жогорулатат», — деп белгиледи Кубанычбек Ысабеков.

Ал ошондой эле API-интеграцияны ийгиликтүү ишке ашыруу мамлекеттик органдардын, программалык камсыздоону иштеп чыгуучулардын жана бизнес-коомчулуктун тыгыз кызматташтыгын талап кыларын кошумчалады.

Салык кызматы бухгалтердик эсеп системасын иштеп чыгууга жана жайылтууга арналган бардык уюмдарды ЭТТК жана ЭЭФ менен интеграциялоо процессине катышууга чакырат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18