24.kg
15:39, 28 января 2025, 24.kg

Кыргыз-түрк достугу ооруканасында трансплантологдордун эки тобу иштейт

Бүгүн, 28-январда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин делегациясынын жолугушуусу болуп өттү.

Министрликтин басма сөз борбору билдиргендей, тараптар Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасында органдарды трансплантациялоо жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Photo 363133

Маалым болгондой, учурда доктор Бахар Айдынлы башында турган түркиялык адистердин тобу кыргыз-түрк ооруканасынын иши менен таанышууда. Делегациянын курамында эки бейтапка бөйрөк алмаштыруу операциясын жасоону пландап жаткан трансплантолог дарыгерлер бар.

Бахар Айдынлы келечекте бул медициналык мекемеде трансплантологдордун эки тобу иштей турганын билдирди.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев учурда эки бейтап бөйрөгүн алмаштырууга даяр экенин билдирди.

«Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда буга чейин кол коюлган келишимдердин алкагында бөйрөктү трансплантациялоо башка бейтаптарга да жеткиликтүү болот. Бул операцияларды каржылоо КР министрлер кабинетинин буйруктарынын негизинде ишке ашырылат. Бир бейтапка бөйрөк алмаштыруунун баасы 7,5 миң долларды түзөт. Алгачкы эки операцияга президенттин демөөрчүлүк фондунан 15 миң доллар бөлүндү», — деди Бейшеналиев.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18