24.kg
13:11, 28 января 2025, 24.kg

Мурдагы акыйкатчы Темирлан Султанбековду бошотууну президенттен суранды

Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы Турсунбек Акун өлкө президентинен Темирлан Султанбековду камактан бошотууну суранды. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.

Ал социал-демократтар партиясынын лидеринин ден соолугунун начарлашына тынчсызданып жатканын билдирди.

«Акаевдик жана Атамбаевдик бийликтин мыйзамсыз аракеттерине каршы көп күндүк ачкачылык жарыялаган укук коргоочу катары мен мындай акция өтө кооптуу экенин жакшы билем. Мунун трагедия менен бүтүшүн каалабайм. Темирлан бирөөнүн баласы, ата-энеси уулун бошоткула деп атат», — деп жазган ал.

Турсунбек Акундун айтымында, КСДПга каршы козголгон добуштарды сатып алуу боюнча кылмыш иши күмөн жаратууда.

«Укук коргоо органдары тарабынан партия мүчөлөрүн кармоо, коркутуу жана камоо фактыларынын көбөйүшү саясий куугунтукка окшошуп баратат. Бул сиздин демократиялык жана мыйзамдуу жолго берилгендигиңиз тууралуу сөзүңүзгө каршы келет», — деди ал Садыр Жапаровго.

Эске сала кетсек, былтыр 15-ноябрда Свердлов райондук соту Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина жана Роза Түрксеверди 2025-жылдын 12-февралына чейин No1 СИЗОго камалган. Камакка алынгандар добуштарды сатып алган деп айыпталууда. Камалгандан кийин эле Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков ачкачылык жарыялаган. Адвокаттар анын саламаттыгы оор экенин айтышууда.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18