24.kg
11:22, 28 января 2025, 24.kg

Кыргызстандын Улуттук банкы негизги ченди 9 пайыз деңгээлинде сактап калды

Улуттук банк негизги ченди 9 пайыз деңгээлинде калтырды. Бул тууралуу Улуттук банктын жетекчилиги 2025-жылдын 27-январындагы жыйындын жыйынтыгы боюнча билдирди. Чечим 28-январдан тарта күчүнө кирет.

Маалыматка караганда, Кыргызстанда баа динамикасы бир калыпта болуп, орто мөөнөткө каралган мезгил аралыгында инфляция боюнча максаттуу көрсөткүч — 5-7 пайыз чегинде сакталып турат. 2024-жылдын декабрь айында жылдык инфляциянын көрсөткүчү 6,3 пайызды, 2025-жылдын 17-январына карата абал боюнча — 6,5 пайызды түздү. Тышкы шарттардын тийгизген таасирлери менен катар эле ички суроо-талаптын жогору болушу өлкөдө жалпы баа деңгээлинин учурдагы динамикасын аныктаган фактор бойдон калууда.

Өлкөдө 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча экономикадагы өсүш 9 пайызды түздү. Экономиканын негизги секторлорунда оң динамика байкалган, ошол эле учурда кызмат көрсөтүү менен курулуш секторунда эң көп экономикалык жигердүүлүк катталган. Калктын реалдуу кирешелеринин жана жеке жактардын өлкөгө акча которууларынын таза агымынын өсүшү, ошондой эле керектөө кредиттеринин кеңейиши ички суроо-талапка колдоо көрсөткөн.

Улуттук банк кармап турган монетардык шарттар өлкөнүн экономикасы үчүн инфляцияны шарттаган тышкы тобокелдиктерди чектөө менен акча жана валюта рынокторунда туруктуу жагдайды сактоого өбөлгө түзөт. Банктар аралык акча рыногунда катышуучулардын орточо активдүүлүгү — банк системасында көлөмү монетардык инструменттер менен жигердүү жөнгө салынып турган үстөк ликвиддүүлүктүн жогорку деңгээлде болушу менен шартталган. Финансы-кредит уюмдарынын ишинин негизги көрсөткүчтөрү жетиштүү туруктуулук көлөмүн көрсөтүүдө. Коммерциялык банктар экономиканын негизги секторлоруна кредиттерди активдүү берип, ресурстук базаны өстүрүүнү улантууда.

«Тышкы экономикалык абалдын келечеги мурдагыдай эле сакталып турган геосаясий факторлордон улам жогорку белгисиздик менен мүнөздөлөт. Дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы баалар акыркы айларда өсүп жаткан динамиканы көрсөтүүдө, ошондой эле эл аралык финансы рынокторунун жогорку деңгээлде өзгөрүлмөлүү болушу белгиленет. Кыргызстандын айрым соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүндө инфляциялык басым жогорку деңгээлде кармалып турат», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле акча-кредит саясатынын аркасы менен ички инфляция инфляция боюнча орто мөөнөткө каралган максаттуу көрсөткүч аралыгында кармалып турат, бирок тышкы факторлор инфляцияны шарттаган мүнөзгө ээ болууда. Ушуга байланыштуу Улуттук банктын негизги ченин 9,00 пайыз деңгээлинде сактоо чечими кабыл алынды. Бул чечим өлкөнүн учурдагы макроэкономикалык шарттарына жооп берет жана орун алып турган тышкы тобокелдиктерге Улуттук банктын жүргүзгөн саясатын чагылдырат. Кабыл алынган чечим орто мөөнөткө каралган мезгил аралыгында өлкөдө баа туруктуулугун сактоого жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Улуттук банк түптөлгөн тышкы жана ички экономикалык шарттарды баалоону улантат жана акча-кредит саясатын жүргүзүүдө теӊ салмактуу ыкмага таянат. Баа туруктуулугуна таасир берген кандайдыр бир тобокелдиктер жаралган учурда Улуттук банк жүргүзүлгөн монетардык саясатка түзөтүү киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.

Белгиленгендей, Улуттук банк башкармалыгынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки пландуу отуруму 2025-жылдын 24-февралында өтөт.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18