24.kg
17:46, 27 января 2025, 24.kg

Бишкекте бир адамдан 1,5 миллион сомдук баңгизат алынды

Милиция кызматкерлери 24 жаштагы жаранды кармашып, тинтүү учурунда андан 1,5 миллион сомдук баңгизаты алынган. Бул тууралуу борбор калаанын ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Photo 362987

25-январь күнү Биринчи май районунун ИИБге белгисиз жаран синтетикалык баңгизаттарды сатуу менен алектенип жүрөт деген маалымат келип түшкөн. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, 2001-жылы туулган А.А., аттуу шектүү кармалган. Ал Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

«Шектүүнун дарегин тинтүү учурунда 188 даана синтетикалык заттар табылган. Алардын жалпы салмагы 367 граммды түзүп, шектүүнүн көрсөтмөсүндө ал заттар 1 миллион 500 миң сомго бааланган.

 

Бардык синтетикалык заттар соттук-эксперттик кызматка жөнөтүлгөн. Мындан тышкары, шектүү «Альфа ПВП» деп аталган синтетикалык багизаттарды «Телеграм» социалдык тармагы аркылуу алып сатып жүргөнү аныкталган», — деп жазылат маалыматта.

Тергөө иштери улантылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18