24.kg
16:49, 27 января 2025, 24.kg

Кыргыз режиссердун тасмасы Түштүк-Чыгыш Азияда биринчи жолу прокатка чыкты

Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында кыргызстандык режиссер Руслан Акундун «Бейиш — эненин таманында» көркөм тасмасынын сынактык көрсөтүүсү өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Көрсөтүүнүн алкагында Кыргызстандын элчиси Анвар Анарбаев тасманы Малайзияда жайылтуу укугуна ээ болгон малайзиялык ATriNaga дистрибьютор компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту. Жыйынга режиссер Руслан Акундун продюсердик тобунун өкүлдөрү да катышты.

ATriNaga`нын маалыматына ылайык, тасма 2025-жылдын 13-февралынан тарта Малайзиянын бардык ири шаарларында көрсөтүлөт. Тасма кыргыз тилинде, малай жана англис тилдеринде субтитрлер менен күрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, ATriNaga тасманы 2025-жылдын февраль жана март айларында Индонезияда, Сингапурда жана Брунейде чыгарат.

«Бейиш — эненин таманында» тасмасынын Малайзияда жана башка региондордо көрсөтүлүүсү кыргыз тасмасынын тарыхында биринчи жолу Түштүк-Чыгыш Азияда кеңири прокатка чыккан тасма болуп калат

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги тасманын прокатка чыгуусуна маалыматтык колдоо көрсөтүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18