24.kg
14:57, 27 января 2025, 24.kg

2024-жылы 254 адам жол кырсыгынан каза болгон. «Жөө жүргүнчү» рейд башталды

Бүгүн, 27-январда Кыргызстанда «Жөө жүргүнчү» аталышындагы масштабдуу рейд башталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылы жөө жүргүнчүлөрдү сүзүү фактылары менен коштолгон 2 613 жол кырсыгы катталап, 2 594 жаран ар кандай жаракаттарды алышкан. Тилекке каршы 254 жөө жүргүнчү көз жумган.

«2023-жылга салыштырмалуу көрсөткүчтөр кыйла азайганына карабастан, көйгөй дагы эле актуалдуу бойдон калууда. Мындай кырсыктарды алдын алуу максатында 27-январдан 1-февралга чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан «Жөө жүргүнчү» аталышындагы масштабдуу рейд жарыяланган. «Ал бүткүл республика боюнча өтөт», — дейт Байказы Айтикул уулу.

Инспекторлор уруксат берилбеген жерден жолду кесип өтүп, жолго чыгып кеткен жөө жүргүнчүлөргө 1000 сом, ал эми жөө өтмөктөрдөн жүргүнчүлөргө жол бербеген айдоочуларга 3000 сом айып салынат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18