24.kg
14:34, 27 января 2025, 24.kg

Бишкекте жер мунапысы 2025-жылдын аягына чейин бүткөрүлөт

Бишкекте жер амнистиясы 2025-жылдын аягына чейин аяктайт. Бул тууралуу вице-мэр Азамат Кадыров шаардык мэриянын 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн жыйынында билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев президент жарыялаган мунапыстын алкагында жарандардын жер тилкелерин мыйзамдаштырууну качан аяктоо пландалып жатканын сурады. Азамат Кадыров ушул жылдын аягына чейин бүтөт деп жооп берди.

Эске сала кетсек, 2022-жылдын май айынын аягында министрлер кабинети Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекиткен. Документ калктуу пункттарды жерлердин категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштуруунун негизги эрежелерин жана жол-жоболорун, комиссия түзүү тартибин, анын функцияларын, жер тилкелерин түзүүнүн тартибин аныктайт. Жер кодексине жана «Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» Мыйзамга ылайык жер мунапыс объектилерине менчик укугун камсыз кылуу боюнча чечимдерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алуу, калкка маалымдоо жүргүзүү жасалат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18