24.kg
12:25, 27 января 2025, 24.kg

Ишкерлерден акча талап кылган. Жалал-Абадда дагы бир блогер кармалды

Жалал-Абад шаарыда О.Ж.С. аттуу жергиликтүү блогер ишкерлерден акча талап кылган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Photo 362911

Кармалган О.Ж.С өзүн журналисттик иликтөөлөрдү чагылдырган блогер катары тааныштырып, бизнес өкүлдөрүнөн опузалап акча талап кылгандыгы аныкталган.

Алсак, О.Ж.С., И.Ч.И. аттуу ишкерди Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы базарлардын биринин ижарачыларынан ижара акысын мыйзамсыз жыйнаган деп айыптап, шантаж жана «журналисттик иликтөө» жүргүзүү менен коркутуп, андан кийин интернет тармактарга материалдарды жарыялоо жолу менен жабырлануучудан бир нече жолу ири суммадагы акча каражаттарын алган.

Белгилей кетсек, аталган О.Ж.С. буга чейин да ушундай эле факт боюнча кармалган дагы бир белгилүү блогер «Айка Мусаева» менен жакын байланышта болгон.

Учурда О.Ж.С.нын ушул сыяктуу башка фактыларга тиешеси бар экендиги текшерилип жатат. Буга байланыштуу КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы кармалган адамдын аракеттеринен жабыркаган жарандарды (03722) 5-60-49 номери боюнча нөөмөт кызматына кайрылууну өтүнөт.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18