24.kg
11:55, 27 января 2025, 24.kg

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу аяктады. Үч турда 308 абитуриент кабыл алынган

Кышкы кабыл алуу башталгандан бери Кыргызстандын жогорку окуу жайларына 308 абитуриент, анын ичинен 199у күндүзгү бөлүмгө, 109у сырттан окуу бөлүмүнө кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин ачык маалыматтарында айтылат.

Жалпысынан үч турда 471 абитуриент катталып, анын ичинен 431 абитуриент ЖОЖдорго тапшырууга сунушталган. Эң көп тапшыруу Кыргыз улуттук (132), Ош мамлекеттик (106) жана Кыргыз экономикалык (89) университеттеринде болду.

Окууга кабыл алынган 308 адамдын 66сы медицинаны, 36сы билим берүүнү, 41и маалыматтык технологияны, 56сы укук таанууну, 62си экономика жана каржыны тандаган.

Эскерте кетсек, кабыл алуу өнөктүгү 2024-жылдын 23-декабрында башталган. Бүгүн, 27-январда финалдык, төртүнчү тур башталды.

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу контракттык орундарга гана абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу үчүн жүргүзүлөт.

Жогорку кесиптик билимге жеткиликтүүлүктү кеңейтүү максатында Кыргызстандын жарандарын жана чет өлкөлүк жарандарды ЖОЖдорго жылына эки жолу кабыл алуу механизми иштелип чыккан.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18