24.kg
11:11, 27 января 2025, 24.kg

Камчыбек Ташиев Барселонада Кыргыз жаштар курамага чучук берип, колдоо көргөздү

Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Испаниянын Барселона шаарына барып, Кыргызстандын U-20 жаштар курамасынын «Барселона» футбол клубунун жаштар курамына каршы беттешке болгон даярдыгын текшерип, колдоо көрсөттү. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол биримдиги соцтармактарда билдирди.

Камчыбек Ташиев машыгуулардан кийин оюнчуларга өзү Кыргызстандан ала барган чучукту кесип берип, алар менен биргеликте тамактанган.

Бүгүн, 27-январда Кыргызстандын жаштар курама командасы(U-20) Барселонанын бүтүрүүчүлөрү менен беттешет. Бул 2025-жылдын 6-февралынан 23-февралына чейин Кытайда өтө турган Азия кубогуна даярдыктын маанилүү этабы болот. Учурда Кыргызстандын жаштар курамасы чет өлкөдө бир айлык окуу-машыгуу жыйынын өткөрүүдө. Алар испаниялык Арихуэль, Картахена жана UCAM Мурсия клубдарын утуп, бирок AFEге утулуп калган

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18