24.kg
16:52, 24 января 2025, 24.kg

Садыр Жапаров Кыргызстандагы биологиялык коопсуздук боюнча мыйзамга кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам 2024-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Аталган Мыйзам Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасында биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы укуктук ченемдерди, ошондой эле калкты жана айлана-чөйрөнү биологиялык агенттердин таасиринин жана заманбап биотехнология азыктарын пайдалануунун ыктымалдуу жагымсыз кесепеттеринен коргоо боюнча мамлекеттик кепилдиктерди белгилейт.

Кыргыз Республикасы Бактериологиялык (биологиялык) жана уулуу куралды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана алардын запастарын топтоого тыюу салуу жөнүндө жана аларды жок кылуу тууралуу Конвенцияга жана Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө Конвенцияга, ошондой эле Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө Конвенциясына карата биокоопсуздук боюнча Картахен Протоколуна кошулган.

Мыйзамдын негизги милдеттери болуп калктын саламаттыгын жана айлана-чɵйрɵнү патогендүү биологиялык агенттердин таасиринин жана/же заманбап биотехнология азыктарын пайдалануунун ыктымалдуу жагымсыз кесепеттеринен коргоону камсыз кылуу;

калктын саламаттыгы жана айлана-чɵйрɵ жагынан тиешелүү коопсуздук чараларын сактоо менен биотехнологияны ɵнүктүрүү жана пайдалануу;

биологиялык коопсуздук коркунучтарын комплекстүү болтурбоону камсыз кылуу жана патогендүү биологиялык агенттерди жана токсиндерди, ошондой эле заманбап биотехнология азыктарын пайдалануу менен байланышкан ыктымалдуу жагымсыз кесепеттерди азайтуу саналат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18