24.kg
14:40, 24 января 2025, 24.kg

Каныбек Туманбаев Каракол жаратылыш паркын кандай өзгөрүүлөр болоорун айтты

Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Каракол мамлекеттик жаратылыш паркынын жетекчилиги жана ижарачылары менен жолугушуп, алдыдагы өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, өткөн жылдын декабрь айында жаратылыш паркы президенттин иш башкармалыгынын балансына өткөн.

Каныбек Туманбаев белгилегендей, комплекс Ала-Арча жаратылыш паркы катары өнүктүрүлөт. Жыйында төмөнкү маселелер каралды:

1. Ижарага алынган жерлер боюнча комиссия түзүү — Парктын аймагынан ижарага алынган жерлерди иликтөө жана алардын максаттуу колдонулушун камсыз кылуу максатында комиссия түзүү маселеси каралды.

2. Ижара келишимдерин кайра кароо — Парктын аймагынан мыйзамсыз алган жерлер мамлекетке кайтарылат. Айрым ижара ээлери 10 жылдап жерлерге ээлик кылып, бирок эч кандай иштер аткарылбай калгандыгы белгиленди.

3. Ишкерлерге жардам көрсөтүү — Парктын аймагынан ижарага алып, курулуш иштери аяктаган жайларды бузбоо, бирок ижара акысын кайра карап чыгуу боюнча сунуштар талкууланды. Бул ишкерлерге ишмердүүлүгүн улантууга жардам берүү максатында жасалууда.

4. Инфраструктураны өнүктүрүү жана санариптештирүү — Каныбек Туманбаев парктын аймагында заманбап A-frame үлгүсүндөгү үйлөрдү жана башка инфраструктураны өнүктүрүү боюнча тапшырма берди. Ошондой эле, паркты толук санариптештирүү тапшырмасы берилди. Электрондук шлагбаумдар, акылдуу кулпулар жана төлөмдөрдү толугу менен накталай эмес жүргүзүү механизмдерин киргизүү милдеттендирилди. Бул чаралар коррупцияны алдын алууга багытталган.

Жыйында ошондой эле Караколду кышкы туризмдин борборуна айлантуу боюнча пландар айтылды. Аэропорттун курулушу аяктаганы жана 3, 4, 5 жылдыздуу мейманканалардын курулуп жатканы белгиленди.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18