Ошто синтетикалык баңги зат саткан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
Ош облусунда синтетикалык баңги затын облус боюнча сатууга шектелген 37 жаштагы Д.А.Р кармалды. Бул тууралуу 24.kg басылмасына ИИМдин Баңгизат менен күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен иш козголду. А. аттуу адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөө иштери уланууда.