24.kg
10:51, 24 января 2025, 24.kg

Жаңы мэр Ошто курулган муниципалдык базардын сапатын сынга алды

Бул аптада дайындалган мэр Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын Осмонов көчөсүндө жайгашкан жаңы муниципалдык базарга барды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Мэр соодагерлер менен жыйын өткөрүп, унаа токтотуучу жайларды кеңейтүү зарылдыгын белгиледи.

Ал курулуш материалдарынын сапатын текшерип, инвесторлор жаңы жеке кичи базарларды курууну пландап жаткан базардын айланасы менен таанышты.

Жеңишбек Токторбаев базардын аймагына үч-төрт деңгээлдүү акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайларды куруу керектигин баса белгиледи. Ал курулган базардын сапатына баа берип, ага нааразы болду.

"Бул жерде жылуулоо барбы? Карачы, эптеп эле курулган. Эртең кулап, шишип баштайт. Ал жерде ансыз деле баары талкаланып жатат. Муну жакшылап, сапаттуу курса болбойт беле? — деп ачууланды мэр.

Ош базарынын дирекциясынын жетекчиси Чыңгыз Шерматов буга унчуккан жок.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18