24.kg
09:45, 24 января 2025, 24.kg

Адылбек Касымалиев Ош облусунда турак жай комплексинин курулушу менен таанышты

Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев Ош облусуна иш сапары менен барып, инвестициялык долбоорлордун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ноокат районунда Адылбек Касымалиев курулуп жаткан гумустук органоминералдык жер семирткичтерди чыгаруучу комбинатта болду. 2024-жылы башталган долбоор 260 миллион долларга бааланып, аймактын айыл чарба тармагын өнүктүрүүдө маанилүү фактор болоорун убада кылууда.

Долбоордук кубаттуулугу жылына 500 миң тонна жер семирткичтерди чыгара турган ишкана ишке кирсе, 2 миңге жакын адам иш менен камсыз болот.

Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан Ош шаарында курулуп жаткан турак-жай комплекси менен таанышты. Ал 8 блоктон жана 542 батирден турат, алар «Менин үйүм» мамлекеттик турак-жай программасынын катышуучуларына социалдык, жеңилдетилген жана жеткиликтүү ипотека жана үлүштүк курулуш механизми боюнча берилет.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18