24.kg
08:30, 24 января 2025, 24.kg

Кыргызстанда мугалимдердин биринчи тобуна ноутбук тапшырылды

Каракол шаарындагы мугалимдерге 192 ноутбук берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык,  Каракол шаарында STEM мугалимдерине «Алтын Казык» бренди менен жабдууларды тапшыруу аземи болуп өттү.

Ноутбуктар Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Технопарк объектисинде чогултулган. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан түзүлгөн комиссия ата мекендик ноутбуктардын белгиленген техникалык талаптарга шайкештигин тыкыр текшерүүдөн өткөрдү.

Мугалимдерге тапшырылган ноутбуктар «Алтын Казык» брендиндеги аппараттардын биринчи партиясы болот. Ноутбуктардын кийинки партиялары жыл ичинде министрликтин башка аймактык бөлүмдөрүнө белгиленген тартипте өткөрүлүп берилээри күтүлүүдө.

Эске салсак, Кыргызстандын бардык мугалимдерине ноутбуктар 2024-жылдын жай айына чейин берилет деп убада кылынган, бирок мөөнөттөр кайра-кайра жылдырылып келген.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18