24.kg
14:34, 23 января 2025, 24.kg

Кыргызстан Грузиянын экспорттук өнөктөштөрүнүн ондугунда биринчи турат

Грузиянын Улуттук статистикалык башкармалыгынын алдын ала маалыматтары боюнча, өткөн жылы он ири экспорттук өнөктөш өлкөнүн үлүшү жалпы экспорттун 81,5 пайызын түзгөн.

Эң ири экспорттук өнөктөштөрдүн үчөөнүн арасында Кыргызстан 1 миллиард 287,4 миллион доллар менен биринчи, Казакстан 859,9 миллион доллар менен экинчи, Азербайжан 724,5 миллион доллар менен үчүнчү орунда.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2024-жылы он ири өлкөнүн — импорттук өнөктөштөрдүн үлүшү Грузиянын жалпы импортунун 69,9 пайызын түзгөн.

Алдыңкы үчтүктө 2 миллиард 770,1 миллион доллар менен Түркия, 2 миллиард 47,3 миллион доллар менен АКШ жана 1 миллиард 849,8 миллион доллар менен Орусия турат.

Кошумчалай кетсек, башкармалыктын маалыматы боюнча өткөн жылы товардык топтордун ичинен экспорттун алдыңкы ондугунда биринчи орунду 2 миллиард 426,8 миллион доллар көлөмүндөгү жеңил унаалар ээлеп, жалпы экспорттун 37 пайызын түзгөн.

«Грузстаттын» маалыматы боюнча, 2024-жылы импорттун эң ири товардык тобун жеңил унаалар да түзөт, алардын импортунун көлөмү 3 миллиард 464,5 миллион долларды түзгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18