24.kg
13:32, 23 января 2025, 24.kg

Лос-Анжелесте кайрадан токой өрттөнүүдө. Миңдеген адамдар эвакуацияланып жатат

Лос-Анжелесте жаңы токой өртү башталды. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирет.

Америка Кошмо Штаттарынын Лос-Анджелес округунда (Калифорния) жаңы өрт чыкканы кабарланды. Беш сааттын ичинде ал 38 чарчы километрден ашты. 31 миңдей тургунга эвакуациялоо буйругу берилди.

Куткаруучулар өрт аймагынын түштүгүндө жайгашкан жана 4295ке чейин камактагыларды кармаган Кастайк округунан адамдарды жарым-жартылай эвакуациялашты.

Калифорниянын токой чарба департаментинин жана өрткө каршы комиссары Джо Тайлер: «Куткаруучулар аны кармап калуу үчүн чоң иштерди жасап жатышат», — деди.

Эске салсак, Лос-Анджелес округунда 7-январда башталган токой өрттөрү штаттын тарыхындагы эң ири өрт болуп эсептелет. Метеорологдордун айтымында, кургак жана шамалдуу аба ырайы өрттүн тез жайылышына себеп болгон. Өрттүн жалпы аянты 16 миң гектардан ашты. Кеминде 25 киши набыт болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18