24.kg
12:26, 23 января 2025, 24.kg

Министрлер кабинетинин башчысы жаңы мэрди Ош мэриясынын жамаатына тааныштырды

Ош шаардык мэриясынын коллегиясынын жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев жаңы мэр Жеңишбек Токторбаевди жамаатка тааныштырды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев шаарды өнүктүрүү жана анын социалдык-экономикалык туруктуулугун чыңдоо процессинде жетекчиликтин негизги ролун белгиледи. Анын айтымында, жаңы мэрдин алдында шаардын инфраструктурасын комплекстүү өнүктүрүү, жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу, жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча чоң милдеттер турат.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 23-январда президент Жеңишбек Токторбаевди түштүк борборго мэр кылып дайындады. Буга чейин муниципалитеттин башчысы кызматын Бакытбек Жетигенов ээлеп, ал Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18