24.kg
10:55, 23 января 2025, 24.kg

Бакытбек Жетигенов Ысык-Көлгө жетекчи болду. Ал жөнүндө эмне белгилүү?

Бакытбек Жетигенов бүгүн, 23-январда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Ачык булактардан ал жөнүндө эмнелер белгилүү.

Бакытбек Жетигенов 1966-жылы 30-майда Чүй районунун Сайлык айылында туулган.

Алгачкы билимин машыктыруучу жана мугалимдик кесип — 1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүтүргөн. Кийин 2013-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

1992-жылдан 2010-жылдын сентябрына чейин жеке ишкерлик менен алектенген.

2010-жылы «Ар-Намыс» саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты болуп шайланган. 2010-жылдын 23-декабрынан тарта Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупцияга каршы күрөш боюнча комитеттин мүчөсү.

2012-жылдын февраль айында Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин мүчөсү болуп, парламенттин бешинчи чакырылышынын аягына чейин иштеген.

2015-жылдын октябрында КСДПнын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп кайра шайланган. Бул чакырылышта укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитеттин мүчөсү да болгон.

2019-жылдын июнь айында депутат Бакытбек Жетигенов кесиптеши Канат Исаев менен уруша кеткен. Ал күнү парламент мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен жана макамынан ажыратуу маселесин караган.

Бакытбек Жетигенов бешинчи чакырылышта депутат болуп турганда кумар оюндарына тыюу салган мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Муну ал өлкөнүн көптөгөн жарандары, өзгөчө жаш муундар тынымсыз казинолорго барышы менен түшүндүрдү.

2020-жылдын августунан октябрына чейин «Биримдик» партиясынын тизмеси боюнча жетинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон. Бирок мыйзам бузуулар жана фальсификациялардан улам шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды.

2021-жылдын 28-ноябрында Бишкектин Биринчи Май райондук соту Бакытбек Жетигеновду бийликти күч менен басып алууга даярданган деген шек менен камакта калтырган. Ал кезде Жогорку Кеңештин депутаты болчу.

2021-жылдын 9-декабрында атайын түзүлгөн депутаттык комиссия Башкы прокурордун аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү өтүнүчүн четке кагып, ал сот залынан бошотулган.

2022-жылдын 28-ноябрынан тарта Ош шаарынын мэри кызматын аркалап келген.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18