24.kg
10:25, 23 января 2025, 24.kg

Камчы Көлбаевди жок кылуу. Садыр Жапаров УКМКнын аракеттерине комментарий берди

Президент Садыр Жапаров «Кабар» Улуттук маалымат агенттигине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин криминалдык авторитет Камчы Көлбаевди жок кылуу боюнча билдирүүсүнө комментарий берди.

Эске салсак, буга чейин атайын кызматтын башчысы «мыйзамдагы ууру» аталган кылмыш чөйрөсүнүн лидерлеринин бири Камчы Көлбаевди «жок кылуу чечимин өзү кабыл алганын» билдирген.

«Бул боюнча ал жогорку окуу жайлардын мугалимдери менен болгон жолугушуусунда сүйлөп жатып айтканын көрдүм. Билдирүүнүн видеосун көрсөңүздөр, ал орус тилинде сүйлөп атып айткан. Орус тили анын эне тили болбогондуктан, оюн жеткиликсиз айтып алды», — деди президент

«Ал эми жогоруда айтылган окуяга келсек, чындыгында эле ошол күнү маалымат түшөөрү менен, ошол кездеги Башкы прокурорго чалып: «Окуя болгон жерге тез арада барып, дыкат карап мага ыкчам маалымат бериңиз», — дегем. Ал окуя болгон жерге аскер прокурору жана тиешелүү кызматкерлери менен барып, жеринде текшеришип, «Камчы Көлбаевди кармоого аракет кылышканда, ал тараптан, анын жан сакчылары тараптан куралдуу каршылык болгон. Атайын кызматтын аскерлери өз өмүрлөрүн сактоо үчүн каршы ок чыгарууга мажбур болушкан, натыйжада кылмышка шектүү ошондон улам каза болуптур» деп маалымат берген.

Башкача айтканда, кызматкерлер өздөрүнө берилген ыйгарым укуктардын, мыйзамдардын чегинен чыгышкан эмес.

Садыр Жапаров

 Кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мыйзам жана инструкция бар. Ушул мыйзамдар иштеген. Бул мыйзамдар эч кимдин буйругусуз аткарылат. Камчыбек Кыдыршаевич ушул жөнүндө орусча сүйлөп жатып толук жеткире айта албай калган. Бул мыйзам баардык өлкөлөрдө колдонулат. Бул — дүйнөлүк практика.

Кылмышка шектүүлөр куралдуу каршылык көрсөтүп атса, биз кылмыштуулукка каршы күрөшүп келген аскерлерибиздин өмүрүн тобокелге сала албайбыз да. Андыктан бул жакта эки ача пикир болушу мүмкүн эмес», — деди президент

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18