24.kg
08:30, 23 января 2025, 24.kg

Кыргызстанда 6 миллиондон ашык канаттуулар бар

Кыргызстанда жыл сайын өтүүчү айыл чарба жаныбарларын жана үй канаттууларын республикалык каттоо уланууда. Айыл чарба министрлигинин асыл тукум мал чарбасы, жайыт жана тоют департаментинин кызматкерлери тарабынан республиканын төрт облусунда: Нарын, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Баткен облустарында көзөмөлдөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдирди.

Маалыматка ылайык, каттоонун максаты айыл чарба тармагын эффективдүү пландаштыруу жана өнүктүрүү үчүн зарыл болгон малдын жана үй канаттууларынын саны боюнча актуалдуу маалыматтарды алуу болуп саналат. Учурдагы сурамжылоонун жыйынтыгы февралдын аягына чейин чыгарылат.

Жаңы маалыматтардын жарыяланышынын алдында былтыркы каттоонун жыйынтыгы менен тааныштырабыз. Алардын айтымында, республикада малдын жана үй канаттууларынын саны:

канаттуулар: 6 млн 988 миң 968 баш;

бодо мал: 1 млн 802 миң 299 баш;

топоздор: 59 миң 142 баш;

жылкылар: 542 миң 527 баш;

Кой-эчкилер: 6 миллион 216 миң 125 баш.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18