Бишкекте мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча ыктыярдуу түрдө кайтарылды
Мурдагы бала бакчанын имараты коомдук башталышта мамлекетке кайтарылган. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз борбору билдирди.
Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган объекттин ээси бул мүлккө ээлик кылуунун укукка жатпагандыгын түшүнүп, өз ыктыяры менен кафе катары пайдаланган эки кабаттуу имаратты жанаша жаткан жер тилкеси менен мамлекеттин пайдасына өткөрүп берүүнү билдирген. Имарат мындан ары өз багыты боюнча пайдалануу үчүн борбор калаанын мэриясына өткөрүлүп берилди.