24.kg
10:55, 22 января 2025, 24.kg

Эл аралык жүк ташуудан өлкө бюджетине дээрлик 399 миллион сом түштү

2024-жылы эл аралык автомобиль ташууларына 145 миңге жакын уруксат берилген. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Лицензияларды жана уруксаат кагаздарын берүүдөн, октун жүктөрүн таразалоодон жана габариттерди ченөөдөн, габариттүү эмес жүктөрдү ташууга атайын уруксат алуудан жана келтирилген зыяндын ордун толтуруудан, ошондой эле административдик айып салуудан өлкө бюджетине 399 миллион сомго жакын киреше түшкөн.

Министрлик белгилегендей, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча чечкиндүү кадамдар жасалды. Өткөн жылдын июнь айында Бээжинде үч тараптуу келишимге кол коюлгандан кийин Бишкекте биргелешкен ишкана ачылып, 27-декабрда курулуш иштери башталган.

Кошумчалай кетсек, «НК Кыргызтемиржолу» мамлекеттик ишканасы тарабынан курулуп жаткан Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жол долбоорун ишке ашыруу улантылууда. Жалпы узундугу 63,5 чакырымды түзгөн бул жолдун 35 чакырымы 2022-2024-жылдары бүткөрүлгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18