24.kg
10:25, 22 января 2025, 24.kg

Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Бишкек — Ош унаа жолундагы Сосновка постунда саат 06:20дан тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта Төө-Ашууда кар жаап, бороон болууда. Аймакты караган № 9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери тынымсыз уланууда.

Өтмөк ашуусунда дагы ушундай эле кырдаал, анда жол № 36 ЖТИнин кызматкерлери тарабынан тазаланып жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызгидромет кызматы 22-23-январь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөрүн эскерткен.

Мындан улам Транспорт министрлиги жаралган бардык кырдаалга ыкчам аракет көрүү даярдыгында турганын белгилеп, кандай жагдай жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18