24.kg
08:30, 22 января 2025, 24.kg

Нобель сыйлыгынын лауреаты Азиз Санжар «Түрк маданиятынын элчиси» болду

Түндүк Каролина штатынын (АКШ) борбору Ролиде химия боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты, көрүнүктүү илимпоз Азиз Санжарга «Түрк маданиятынын элчиси» ардактуу наамын ыйгаруу аземи болуп өттү.

Дүйнөлүк атактуу окмуштуунун «Азиз Санжар» борборунда түрк дүйнөсүнөн чыккан тунгач Нобель сыйлыгынын ээси Азиз Санжарга салтанаттуу түрдө наам ташырууга американын окмуштуулары, саясатчылар, маданият ишмерлери катышты.

 

Азиз Санжар ар кайсы эл аралык бийик форумдарга, платформаларга дайыма катышып келет, ошону менен бирге эле ал дүйнөлүк аянтчаларда түрк элдеринин Маданият элчиси катары түркий руханий баалуулуктарды, дөөлөттөрдү жайылтат, популяризациялайт, дүйнөгө таанытат. " Түркий маданиятты дүйнөгө жайылтуу менин Ыйык миссиям деп билем, анткени биз улуу маданияттын мураскерибиз, дүйнөлүк цивилизациянын ажырагыс бөлүгүбүз" деди бу салтанатта сүйлөгөн сөзүндө.

«Түрк маданиятынын элчиси» наамын эл аралык түрк маданияты кызматташтык уюм ТҮРКСОЙдун баш катчысы Султан Раев тапшырды. Бул наамды тапшыруу аземинде Азиз Санжарга Улуу Тоолордун символу болгон кыргыздын ак калпагын, казактардын Хан чапанын, өзбектердин бел курчоосун, азербайжандардын эркиндик символу Хары-Бюльбюль төш белгисин, түрктөрдүн аристократиялык белгисин туюндурган «бастонду» ( таякты ), түркмөндүн улуу акыны Махтумкулинин ыр жыйнагы тартууланды.

«Бул белектер мен үчүн өтө кымбат, анткени бул белектер түрк дүйнөсүнүн бир туугандыгынын, ынтымагынын символдору» деп баалады Нобель сыйлыгынын лауреаты Азиз Санжар.

«Түрк маданиятынын элчиси» наамы 2023-жылы ТҮРКСОЙ курамына кирген Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркия өлкөлөрүнүн маданият министрлеринин Туруктуу Кеңешинде уюштурулган. Бул наам дүйнөлүк кадыр-баркы, атагы бар маданият, өнөр жана илим жаатындагы инсандарга ыйгарылат.

Анын башкы максаты -түрк маданиятын таанытуу, жайылтуу, маданияттар арасындагы байланышты чыңдоо, маданият аркылуу биримдикке умтулуу.

2023 — жылы Азербайжандын Шуша шаарында өткөн ХХХХ Туруктуу Кеңеш чечими менен бу наам биринчи жолу белгилүү окумуштуу, Нобель сыйлыгын түрк дүйнөсүнөн биринчилерден болуп алган Азиз Санжарга ыйгарылган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18