24.kg
12:21, 21 января 2025, 24.kg

Коррупция боюнча соттолгондор президент болуп шайлана алышпайт

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыгына каршы коррупция жана башка кылмыштар үчүн соттолгондор президент, Жогорку Кеңештин депутаттары жана министр болуп шайлана алышпайт. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Документтин демилгечилери — депутаттар Жеңишбек Токторбаев, Гуля Кожокулова жана Камила Талиева. Алар жогоруда аталган кылмыштар боюнча соттолгон жарандарды, жарандын соттолгондугун алып салганына же алып салганына карабастан мамлекеттик жогорку кызматтарга шайланууга тыюу салууну сунуштап жатышат.

Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 21-январдан баштап коррупциялык кылмыштар үчүн жазаны катаалдаткан мыйзам күчүнө киргенин эске салды. Эми пара алгандар айып пул менен кутула алышпайт;

«Бирок мыйзамдын аталган талаптары мамлекеттик жогорку кызматтарды ээлегендерге тиешеси жок. Анткени алардын статусу конституциялык мыйзамдар менен корголот. Ошондуктан, жогорку бийлик өкүлдөрүнүн арасында коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо максатында өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатабыз», — деди Жеңишбек Токторбаев.

Эл өкүлдөрү «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «КР министрлер кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатышат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18