24.kg
11:34, 21 января 2025, 24.kg

Декларация кампаниясы. Ички иштер министринин эми 40 гектар жери жок

Салык кызматы мамлекеттик кызматкерлердин 2023-жылга кирешеси тууралуу декларациясын жарыялай баштады. Ички иштер министри Улан Ниязбековдун кирешеси жана мүлкү тууралуу маалымат берилди.

Photo 362204

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, укук коргоо органынын жетекчисинин көрсөтүлгөн мезгилдеги кирешеси 1 миллион 216 миң 821 сомду түздү. Бул анын 2021-жылга карата декларациясында көрсөтүлгөндөн (848 миң 937 сом) көп.

Улан Ниязалиев чыгашасы тууралуу эч нерсе ачыктаган жок.

Көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк 800 чарчы метр жер тилкеси болуп саналат. Ал үй бакчага пайдаланууга арналган.

Ички иштер министрлигинин жетекчисинин декларациясында унаасы бар же жакын туугандарынын кирешеси тууралуу маалымат жок.

Эске салсак, 2021-жылдагы отчетунда ал 60,4 чарчы метр аянтты ээлеген батири, 40,3 га айыл чарба багытындагы эмес жери жана аянты 1 гектар болгон айыл чарба багытындагы жер тилкеси бар экенин көрсөткөн.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18