24.kg
11:09, 21 января 2025, 24.kg

Бишкекте өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылган. Башкы прокуратура окуя боюнча үн катты

Башкы прокуратура адам өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылган окуя боюнча түшүндүрмө берди.

Аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдиргендей, Октябрь РИИБи тарабынан А.у.М. аттуу жаран алдоо жолу менен жабырлануучу М.Э.А.га таандык баасы 63 миң доллар турган автоунаасын сатып жиберип, акчасын кымырып алган фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, А.у.М. камакка алынып, кылмыш иш 2024-жылдын 4-декабрында соттун кароосуна жиберилген.

Бирок, Октябрь райондук сотунун судьясы айыпкер А.у.М.ди сотто катышкан прокурор тарабынан камакта калтырууну сурагандыгына карабастан, аны камактан бошоткон.Прокуратура тарабынан соттук кароодо айыпкерди кайрадан камакка алуу тууралуу өтүнүч келтирилет.

Мындан тышкары, Бишкек ШИИББында А.Т. жана А.К. аттуу жарандар камакта турган Бишкек шаарынын Осипенко көчөсүндөгү үйдү М.Э.А.га жана И.А.га 500 миң долларга алдоо жолу менен саткан фактысы боюнча кылмыш иши тергелүүдө.

Жогоруда белгиленген жагдайлар Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө.

Эске салсак, кечээ өлкөнүн башкы көзөмөл органынын имаратынын жанында бир адам өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылган. Ал өзүнө бензин чачып, өзүн өрттөп жиберген.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18