24.kg
10:09, 21 января 2025, 24.kg

Трамп АКШнын Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан чыгуу жарлыгына кол койду

Дональд Трамп АКШны Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан чыгаруу боюнча жарлыкка кол койду. Документ Ак үйдүн сайтында жайгаштырылган.

CNN уюмдан чыгуу ДСУнун COVID пандемиясы учурундагы иш-аракеттери, анын «ДСУга мүчө мамлекеттердин ашыкча саясий таасиринен көз карандысыздыгын көрсөтө албагандыгы» ошондой эле Дональд Трамптын айтымында  башка өлкөлөрдөн төлөмдөрү жогору экенин белгилейт.

АКШнын президенти ошондой эле ДСУ туура эмес сунуштарды берип, ири масштабдуу эпидемияга алып келди деп эсептейт.

Байдендин администрациясы учурунда Ак үйдүн COVID-19 реакциясынын координатору болуп иштеген доктор Ашиш Джа журналисттер менен болгон маегиндн президенттин чечимин «стратегиялык ката» деп атады. Ал бул чечим уюмду алсыратат жана Кытайга дүйнө жүзү боюнча көбүрөөк саясий таасир берет деп эсептейт.

Дональд Трамп буга чейин эл аралык уюмдан чыгаарын 2020-жылы мурдагы президенттик мөөнөтүндө жарыялаган. Ал аны COVID-19 учурунда зарыл болгон реформаларды тез арада ишке ашыра алган жок деп айыптады.

ДСУ — Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (дүйнө калкынын ден соолугун коргоо маселелери менен алектенген эл аралык уюм).

ДСУга дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрү катышат — 194 мамлекет. Уюм 1948-жылы негизделген. ДСУнун штаб-квартирасы Женевада жайгашкан.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18