24.kg
17:39, 20 января 2025, 24.kg

Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоо менен ооругандардын саны өсүүдө

Кыргызстанда 13-январдан 19-январга чейинки бир жумада курч респиратордук вирустук инфекциялардын 11 миң 761 учуру, сасык тумоонун 41 учуру катталды. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Саламаттыкты сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, оорунун көрсөткүчү өткөн жумага салыштырмалуу 1,6 эсеге көбөйүп, эпидемия чегинен 15,9 пайызга жогору. Ооругандардын дээрлик 5 пайызы (же 563 бейтап) ооруканага жаткырылган.

Республика боюнча орточо көрсөткүчтөн жогору оорунун көрсөткүчү Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Ысык-Көл жана Чүй облустарында катталган.

Саламаттыкты сактоо министрлиги КРВИ жана сасык тумоонун жайылышын болтурбоо үчүн төмөнкү алдын алуу чараларын сактоо керектигин эскертет:

— коомдук жайларга баргандан кийин колду самындап жууп же дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу;

— КРВИ же сасык тумоо белгилери бар адамдардан өзүн алыс кармоо;

— жуулбаган кол менен бетиңизге тийбеңиз,

— дем алуу этикетинин эрежелерин сактоо (чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө мурунду бүгүлгөн чыканак же бет аарчы менен жабуу),

— КРВИ менен ооругандардын сезондук өсүшү байкалса, коомдук жайларга барууда беткаптарды колдонуу, социалдык аралыкты сактоо.

"Өлкөдөгү КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абал көзөмөлдө",-деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18