24.kg
12:24, 20 января 2025, 24.kg

Токмок шаарынын мурдагы мэри Урмат Самаев Жалал-Абадда жаңы кызматка дайындалды

Токмок шаарынын мурдагы мэри Урмат Самаев президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Photo 362048

Бүгүн, 20-январда Урмат Самаев ыйгарым укуктуу өкүлдүн иш бөлмөсүнө тааныштырылды. Ал социалдык блокту көзөмөлдөйт.

Эске сала кетсек, буга чейин Кыргызстандын Жогорку соту Урмат Самаевди КР Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча күнөөлүү эмес деп тапкан. Ага реабилитациялоо укугу берилген. Бул маселе боюнча соттун калган чечимдери өзгөртүүсүз калды.

Токмак шаарынын мэри 2023-жылдын 17-апрелинде кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, аткаминер «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга, тактап айтканда, шаардагы жеке үйлөрдү борбордук жылуулук магистралына мыйзамсыз кошуп, андан түшкөн кирешенин бир бөлүгүн ЖЭБге чегерүүгө катышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18