24.kg
09:00, 20 января 2025, 24.kg

«Ысык-Суу» ден соолукту чыңдоо борбору мамлекетке кайтарылды

Жалпы аянты 1 миң 1227 га болгон минералдык булагы жана ага чектеш аймагы бар «Ысык-Суу» ден соолукту чыңдоо борбору мамлекеттик баланска кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Башкармалыктын маалыматы боюнча, ал Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл аймагынын Жамантала участкасында жайгашкан жана анын сметалык баасы 44 миллион 150 миң сомду түзөт.

2005-жылдын май айында жараксыз абалда деген шылтоо менен «Аккабак-Сулайман Н+» жеке фондуна убактылуу пайдаланууга берилгени аныкталган. Ошого карабастан аталган фонд эс алуу жайынын менчик укугун мыйзамсыз каттатып койгон.

Учурда жергиликтүү бийлик заманбап Ысык-Суу комплексин курууга инвестор тартуу маселесин карап жатат.

«Ысык-Суу» ден соолукту чыңдоочу борбору менен 1991-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Ал нерв, таяныч-кыймыл аппараты, боор, семирүү, ашказан-ичеги, тери ооруларын дарылоого арналган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18