24.kg
17:24, 17 января 2025, 24.kg

Мурдагы Ганси борборундагы 6,7 млн сомдук мүлктү аткаминерлер кымырып алышкан

Аткаминерлер мурдагы Ганси транзиттик борборунан 6,7 миллион сомдук товар жана материалдарды кымырып алышкан. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасы Коргоо министрлиги менен биргеликте Бишкек турак-жай пайдаланууну камсыздоо базасында жүргүзүлгөн текшерүүдө мурдагы «Ганси» транзиттик ташуулар борборунда сактоодо турган 6 млн 700 миң 600 сомдук материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы аныкталды.

Аталган факты боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») жана 210-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу») боюнча кылмыш иши козголуп, учурда мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу иштерин жүргүзүү менен кылмышка тиешелүү башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18