24.kg
12:53, 17 января 2025, 24.kg

Президент аскердик кызматка кезектеги чакыруу жөнүндө жарлыкка кол койду

«Жарандарды милдеттүү аскердик жана альтернативдик кызматка кезектеги чакыруу жөнүндө» жарлыкка президент кол койду.

Документке ылайык, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу 2025-жылдын март-май жана сентябрь-ноябрь айларында жарыяланды.

Аскерге чакырууга кийинкиге калтырууга укугу жок, 18 жашка толгон жана кийинкиге калтыруу укугунан ажыраган эркектер чакырылат.

Ушул эле жарлык менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарынан белгиленген мөөнөттү өтөгөн аскер кызматчылары жана альтернативдик кызматтын кызматкерлери запаска бошотулду.

Жарлык 25-январдан тарта күчүнө кирет.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18