24.kg
12:09, 17 января 2025, 24.kg

Бишкекте рейд учурунда 90го жакын сойку аныкталды

Бишкекте «Сойкукана» аталышындагы рейд жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө укук коргоо кызматкерлери сойкулук менен алектенген 90 кызды аныктап, милицияга жеткиришти. Бул тууралуу борбор калаанын ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлер тарабынан 50гө жакын ар кандай жайлар (сауналар, суткалык батирлер, мейманканалар жана интим кызматтарын көрсөтүү үчүн сойкуканалар) текшерилип, анда интим кызматтарын көрсөтүү менен алектенген 90го жакын кыз аныкталган

Мындан тышкары, кызматкерлер тарабынан 60 кылмыштын бети ачылып, дайынсыз жоголгон 2 адам табылган. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 120га жакын протокол түзүлүп, ар кандай укук бузуулар үчүн 500 миң сомго жакын айып пул салынган. Ыкчам-алдын алуу иш-чаралары уланууда.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы интимдик кызмат көрсөтүүчү жайлар же мындай иш менен алектенген адамдар тууралуу маалыматы бар жарандарды WhatsApp — 0701700251, нөөмөт бөлүмүнө — 0312437375 же 102 телефону аркылуу билдирүүнү өтүнөт.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18