24.kg
11:06, 17 января 2025, 24.kg

Жамиля Жаманбаева мектеп рэкетти токтотууга, бирге аракеттерди көрүүгө чакырды

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева тиешелүү мамлекеттик органдарды мектептеги рэкетти токтотууга жана анын алдын алуу үчүн биргелешкен аракеттерди көрүүгө чакырды.

Акыйкатчы мектеп окуучулар арасындагы рэкетчилик, буллинг, зомбулук оор кесепеттерге алып келерин түшүндүрүү жана маалымдоо иштерин күчөтүү зарылдыгын белгилейт.

«Жеткинчектер арасындагы рэкетчиликке кош көңүл карабай, бүгүнкү күндүн орчундуу маселеси катары мамиле жасаш керек. Мындай көрүнүштөрдүн канчалык кооптуу экенин балдарга түшүндүрүү иштерин жакшыртуу зарыл», — деди Жамиля Жаманбаева.

Акыйкатчыга Бишкек шаарындагы № 13 мектеп гимназиясынын ата-энелери балдарынын укуктарын коргоп берүү өтүнүчү менен кайрылды.

«Мен эки баламды 22-декабрда кафеге алып барып, курсактарын тойгузуп, ийримге жөнөткөм. Балдарым 9 жана 11 жашта. Алар менен чогуу дагы эки досу бирге кетишкен. Аларды жолдон бир мектепте окуган, эки жаш улуу бала кармап, колдорундагы пицца жана таттуулары салынган баштыктарын тартып алып, акча талап кылыптыр. Улуу баламды ур-токмокко алган. Баламдын баш мээси чайкалып, ооруканга жатып чыктык», — деди балдардын апасы И.Ж.

Аял 25-декабрь күнү милицияга да арыз жазган.

Жамиля Жаманбаева бул ишти жеке көзөмөлүнө алды.

Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери тиешелүү чараларды көрүү максатында Ички иштер министрлигине, Билим берүү министрлигине жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кат жолдоду.

Акыйкатчы тиешелүү мамлекеттик органдарды мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыздоого, аларды зомбулуктан, ырайымсыз, одоно мамиледен жана алардын укуктарын, эркиндиктерин басмырлаган башка аракеттерден коргоого чакырды.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18