24.kg
10:41, 17 января 2025, 24.kg

Кыргызстан менен Орусиянын ТИМ башчылары кызматташтык программасына кол коюшат

Москвада 2025-2027-жылдарга кызматташуу программасына Кыргызстан менен Орусиянын тышкы иштер министрликтеринин жетекчилери кол коюшат. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова өзүнүн Telegram каналында билдирди.

Анын айтымында, Россия Федерациясына расмий сапар менен келе турган Жээнбек Кулубаевдин Сергей Лавров менен сүйлөшүүлөрү 22-январда Москвада пландалууда.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин башчылары саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат.

«Евразиялык интеграция, глобалдык жана аймактык коопсуздук, эл аралык платформаларда биргелешкен кадамдарды координациялоо маселелери боюнча пикир алмашуу болот деп күтүлүүдө. Кыргыз Республикасынын быйылкы жылы уюмга төрагалык кылуусун эске алуу менен ЖККУнун алкагында өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Россиянын Тышкы иштер министрлиги менен Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин 2025-2027-жылдарга кызматташуу программасына кол коюу пландалууда», — деп айтылат маалыматта.

Мария Захарова «Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысынын Орусияга сапары орус-кыргыз стратегиялык өнөктөштүгү менен союздаштыгын мындан ары да чыңдоого салым кошот» деген ишенимин билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18