24.kg
09:25, 17 января 2025, 24.kg

2024-жылы Ысык-Көлдүн түбүнөн 14 тоннадан ашык таштанды чыгарылды

2024-жылы Ысык-Көлдүн түбүнөн 14 тоннадан ашык таштанды чыгарылган. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, мамлекет башчынын жарлыгы жана министрлер кабинетинин буйругунун алкагында көлдүн экологиясын коргоо жана браконьерликке каршы күрөшүү боюнча масштабдуу иштер аткарылды.

Көлдүн түбүн тазалоонун натыйжасында 14 миң 125 килограмм таштанды чыгарылып, 220 чакырым жээк тазаланып, ал жерден 85 тонна таштанды чыгарылып, 112 миң 100 метр мыйзамсыз балык уулоочу торлор чыгарылды.

Браконьерликке каршы күрөшүүнүн алкагында 85 рейд жүргүзүлүп, мыйзамсыз балык уулоо боюнча 111 факты аныкталып, 1200 тирүү балык көлгө кайтарылган.

Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөн Ысык-Көлдүн жаратылышын коргоо иштери улантылып, тыюу салуучу белгилер орнотулуп, экологиялык мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18