24.kg
08:30, 17 января 2025, 24.kg

Энергетика министрлиги бардык каалоочуларга ГЭСтерге экскурсия уюштурат

21-январда Кыргызстандын Энергетика министрлиги гидроэлектростанциялардын(ГЭС) ишин көргүсү келгендер үчүн бекер экскурсия уюштурат.

Экскурсия катышуучулары төмөнкүлөр менен тааныша алышат:

ГЭСтердин иштөө процесси тууралуу маалымат аласыз;

жаңыланган гидроагрегаттарды көрөсүз;

электр энергиясынын өндүрүлүү жолдорун түшүнөсүз;

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү жана анын энергетикадагы ролу тууралуу билесиз;

энергетика тармагында аткарылып жаткан иштерди жеринде көрүп, кызыктырган суроолоруңузга жооп аласыз.

Экскурсиянын максаты

Акыркы убакта коомчулукта «Тарифтер эмнеге көтөрүлүп жатат?», «ГЭСтер жаңыланып жатканы менен жарык эмнеге жетишсиз?» же «Суу каякка кетип жатат?» деген сыяктуу суроолор көбөйүүдө. Экскурсиянын негизги максаты — энергетика тармагындагы маселелерди жеринде фактылар менен түшүндүрүп берүү.

Чогула турган жай:

дарек: Энергетика министрлиги, Жибек-Жолу көчөсү, 326;

чогула турган убакыт: таңкы саат 06:00;

сапарга чыгуу: 21-январь, саат 07:00 (баргандар паспортун жанына алуулары зарыл.)

Экскурсияга бардык каалоочулар — активисттер, журналисттер, эксперттер жана жөнөкөй жарандар катыша алышат.

Каттоо үчүн байланыш:

0704 45-38-38

 

0772 66-57-87

 

Энергетика маселелерине кызыгып, фактыларды жеринде билүүнү каалагандар үчүн бул — уникалдуу мүмкүнчүлүк! Барып келген чыгымдар министрлик тарабынан жабылат.

 

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18