24.kg
16:04, 16 января 2025, 24.kg

Ленин эстелигин бузуу. Жогорку Кеңештин депутатына Дайырбек Орунбеков жооп берди

Лениндин эстелиги бузулбайт жана өз ордунда калат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, эстелик өз ордунда жана ошол жерде кала берет.

"Эстеликке эч ким тийген жок жана аны алып салуу боюнча эч кандай пландар жок. Толук маалыматты тактабай туруп, кабатыр болууга негиз жок экенин билдирем. Бардык талкуулар реалдуулукка жана так маалыматка негизделиши керек",-деп жазган ал.

Эске сала кетсек, бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев Бишкектеги Лениндин эстелигин бузууга шашылбоого чакырган. Буга чейин вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев Владимир Лениндин Эски аянттагы эстелигин Турдакун Усубалиевдин эстелигине алмаштырууну сунуштаган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18